16-июлдан 19-июлга чейин Нью-Йорк шаарында өткөн туруктуу өнүгүү боюнча саясий форумдун жогорку деңгээлдеги сегментине вице-премьер-министр Замирбек Аскаров баштаган Кыргыз Өкмөтүнүн өкүлдөрү да катышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жогорку деңгээлдеги сегментте сөз сүйлөп, андан тышкары, ПРООНдун администратору Ахим Штайнер, БУУнун экономикалык жана социалдык маселелер боюнча башкы катчысы Лю Чженьмин, Армениянын вице-премьер-министри Тигран Авинян менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Ошондой эле, ал Армения менен Орусиянын туруктуу өкүлчүлүктөрү тарабынан уюштурулган, туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруунун алкагында Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жетишкендикте