Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан-Түштүк Кореянын өкмөт башчылары «Ала-Арчага» барышты (сүрөт)

Кыска кабар | 19 Июл 2019 | 461 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев расмий сапары менен келген Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён  менен «Ала-Арча» капчыгайына барып келишти. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчылары «Дилгир» фольклордук тобунун чеберчилигине, салбуурун жана улуттук жаа менен атуу өнөрлөрүнө күбө болушуп, кыргыз элинин улуттук суусундуктарынан ооз тийишти.

Ошондой эле, премьер-министрлер «Ала-Арча» паркынын аймагында сейилдешип, Кыргызстандын бийик чокуларына чыгуу үчүн Кореядан келген альпинисттердин тобу менен пикир алмашышты.

Copyright © 2017 Maral FM