Биз менен байланышыңыз

БАРЭК-1 жана 3, 2-фаза долбоорун кошумча каржылоо макулдашуусу ратификацияланды

Кыска кабар | 19 Июл 2019 | 485 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы зайым берүү жөнүндө макулдашууну (Стандарттык операциялар (жеңилдетилген шарттарда) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК-1, БАРЭК-3 коридорлору, Фаза-2 — Кошумча каржылоо) жана 2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган грант берүү жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК-1, БАРЭК-3 коридорлору, Фаза-2 — Кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу  Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 27-июнунда кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык, Финансы министрлиги белгиленген тартипте Азия өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM