Биз менен байланышыңыз

Алматы: Аномалдуу ысыктан асфальт эрий баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Июл 2019 | 642 | 0

Казакстандын Алматы шаарында асфальт эриткен ысык аба ырайы өкүм сүрүүдө. «Куюлган» асфальттын сүрөттөрүн Алматы тургундары социалдык тармактарда бөлүшүп жатышат.

Бир жигит Твиттердеги баракчасына сүрөт жүктөп, астына «Ысыктан улам асфальттар сүзүп жүрөт», — деп жазган.

Белгилей кетсек, Борбордук Азия боюнча акыркы убактарда аномалдуу ысык катталууда. Синоптиктердин билдирүүсүнө ылайык, мындай аптап дагы бир жумага созулат.

Copyright © 2017 Maral FM