Биз менен байланышыңыз

Украина Орусияга Вышинский менен Сенцовду бирдей убакытта бошотууну сунуштады

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Июл 2019 | 431 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин администрациясы Орусияда соттолгон украиналык режиссер Олег Сенцов менен Украинада кармалган «РИА Новости Украина» порталынын башкы редактору Кирилл Вышинскийди бирдей убакта боштондукка чыгарууну сунуштады.

«Орусиянын «Украина өз эрки менен биринчи кадамды таштап, Кирилл Вышинскийди бошотсун» деген сунушун жакшы маанайда кабыл алдык. Мындай сунушту толугу менен колдойбуз жана Орусия да ушундай кадам таштап, Олег Сенцовду бошотуусун сунуштайбыз. Ошондой эле, жалпы кызыкчылык жана өз ара ишеним үчүн муну бирдей убакытта жасоону сунуштайбыз», — деп Зеленскийдин маалымат-катчысы Юлия Мендель Фейсбук баракчасында жазды.

Эске салсак, Украиналык кинорежиссер Олег Сенцов Крымда 2014-жылы май айында кармалган. 2015-жылы Орусия соту аны «жарым аралда теракт даярдаган» деген айып менен 20 жылга эркинен ажыраткан. Сенцов күнөөсүн мойнуна алган эмес. Орусия койгон айыпты толугу менен четке кагып, саясый оюн жүрүп жатканын айткан.

Орусия жарандыгын алган, «РИА Новости Украина» агенттигинин журналисти Кирилл Вышинский 2018-жылдын 15-май күнү Украинанын Башкы прокуратурасы тарабынан кармалган. Кармоого Орусияга таянуу менен Украинадан бөлүнүп чыккан өзүн республика деп атап алган Луганск жана Донецк аймактары тууралуу маалыматтары себеп болгон. Ал «мамлекетке чыккынчылык кылды» деген айып менен жоопко тартылган. Мунун негизинде Вышинскийди 15 жылга эркинен ажыратуу каралган.

Copyright © 2017 Maral FM