Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: Мамкызматкерлер көчө тазалоого чыгышты

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Июл 2019 | 564 | 0

17-июлда Өзбекстандын Жизак облусунда абанын температурасы 45 градустан жогору болгонуна карабай, мамлекеттик кызматкерлер «Даштабан — Заамин» автожолун тазалоого чыгышты. Бул тууралуу аталган облустагы Заамин райондук ооруканасынын кызматкеринин айтканына шилтеме жасап «Борбордук Азия жаңылыктары» кызматы жазды.

Маалыматка ылайык, жол тазалоо ишине жүзгө жакын кызматкер катышкан. Райондук оорукананын бир кызматкери маалымат булактарына абанын температурасы 45 градустан жогору болуп, асфальттан ысык уруп турганына карабай иштегенин билдирген.

Ал эми акимчиликтин кызматкери: «Биз айлананы тазалап жатабыз. Бардыгы өз эрки менен чыгышкан. Унаа жолу тазаланса эмнеси жаман?», — деген.

Эл аралык уюмдар мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин мажбурлап иштеткендиги үчүн расмий Ташкентти сынга алышууда.

Белгилей кетсек, Заамин району Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кичи мекени болот.

Мындай иш-чара кошуна өлкө Казакстанда да пландалууда. 20-июль, ишемби күнү кабмин коштогон топ тазалыкка чыгары айтылган. Ага ошондой эле, коомдук уюмдар, журналисттер, активисттер жана бийлик өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM