Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: 3 айлык наристенин чарчап калуусуна эмдөө себеп болду дешүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Июл 2019 | 763 | 0

Өзбекстанда социалдык тармактарда 3 айлык наристе жергиликтүү поликлиникалардын биринен эмдөө алган соң чарчап калды деген маалыматтар тарап кеткен. Бул тууралуу бүгүн Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирүү таратты.

Алар наристе эмдөөдөн өткөнүн ырасташкан. Расмий билдирүүгө караганда, М.Н. аттуу 3 айлык наристе 12-июлда Шайхантахур районундагы үй-бүлөлүк бейтапканадан эмдөө алган. Эмдөөнү мээрбан айым Рахматова жасаган. Андан кийинки 2 күн аралыгында баланын температурасы 38 градуска чейин көтөрүлгөн. Наристенин абалы начарлап кеткендиктен, 3-күнү 15-июлда тез жардам чакырып, ал келгенге чейин чарчап калган.

«Вакцинадан соң температуранын көтөрүлүшү — нормалдуу көрүнүш. Андан кийинки күндөрдө баланын кандай шартта жашаганын текшериш керек. Эгерде вакцинадан улам чарчап калса, андан башка 51 балага да таасир этмек. Учурда соттук-медициналык экспертиза өлүмдүн себебин аныктап жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, бала вакцинадан чарчаган эмес», — деди министрлик.

Copyright © 2017 Maral FM