Биз менен байланышыңыз

Ашырбек Темирбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Кыска кабар | 17 Июл 2019 | 431 | 0

Бишкекте Өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары – өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Ашырбек Темирбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Өкмөттүк Апппараттын маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Ашырбек Темирбаев өз өлкөсүнүн чыныгы патриоту, билимин жана топтогон тажрыйбасын республиканы өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө арнаган мамлекеттик кызматкер болгон.

«Ашырбек Мойдунович чынчылдыгы, эмгекчилдиги менен өзгөчөлөнүп турчу. Ал өлкөнүн келечеги үчүн тынчсызданган чыныгы патриот. Мамлекетти өнүктүрүүгө зор салымын кошту. Ашырбек Мойдунович өзүнүн жооптуу кызматында туруп, аткаруу бийлигинин жана мыйзам чыгаруу бийлик бутагынын ортосунда көпүрө болчу, анын иши аркылуу парламент менен узак мөөнөттүү мамилелер курулган. Ашырбек Мойдунович мамлекеттик кызматтын үлгүсү болуп калды. Бул биз үчүн жана өлкөбүз үчүн оор жоготуу», — деди өкмөт башчы.

Акыркы сапарга узатуу иш-чарасында президенттин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев, Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров сөз сүйлөштү.

Copyright © 2017 Maral FM