Биз менен байланышыңыз

ЕККУнун өкүлү Киевге Орусия журналистин бошотуусун айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июл 2019 | 541 | 0

Журналисттер өзүнүн кесипкөйлүгү үчүн түрмөгө отурбашы керек. Анын негизинде Украина бийлиги «РИА Новости Украина» агенттигинин журналисти Кирилл Вышинскийди боштондукка чыгаруусу зарыл. Мындай пикирин ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир Бишкекте өтүп жаткан «Санарип трансформациянын шарттарындагы эркиндик жана ЖМКнын плюрализми» аттуу конференцияда айтты.

Арлем Дезир Вышинскийдин өз милдетин гана аткарып жатканын кошумчалады.

Эске салсак, 2018-жылы Орусия жарандыгын алган, «РИА Новости Украина» агенттигинин журналисти Кирилл Вышинский 15-май күнү Украинанын Башкы прокуратурасы тарабынан кармалган. Ал «мамлекетке чыккынчылык кылды» деген айып менен жоопко тартылган. Мунун негизинде Вышинскийди 15 жылга эркинен ажыратуу каралган.

Copyright © 2017 Maral FM