Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы 7 млрд 717,4 млн сомдук көмүскө салыкты тапты

Кыска кабар | 17 Июл 2019 | 480 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 6 айда көмүскөдөгү 7 миллиард 717,4 миллион сомдук салыкты таап чыкты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жарым жылда жашыруун салыктарды аныктоо үчүн 5 868 текшерүү жүргүзүлгөн.

«Текшерүүнүн натыйжасында 7 миллиард 717,4 миллион сомдук салык жашырылганы аныкталды. Анын ичинен азыркы тапта 5 миллиард 874,7 миллион сому өндүрүлдү. Бул өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 1 миллиард 566,2 миллион сомго же 76,1 пайызга көп», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, калган 1 миллиард 316,4 миллион сом салыкты өндүрүү үчүн 115 материал укук коргоо органдарына берилген.

Copyright © 2017 Maral FM