Биз менен байланышыңыз

Салыкчылар кыргыз-казак чегинде мыйзамсыз товар ташыгандарды аныктады

Кыска кабар | 17 Июл 2019 | 486 | 0

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден арматура жана кагаз каптарды ташып келүүдөгү бузууларды аныкташты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат бөлүмү билдирди.

Окуя кечээ кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрмө бекеттерине жакын жердеги транспорттук көзөмөлдөө жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пункттарында катталды.

«Ак-Тилек-автожолу» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 19 тонна арматураны ташып келе жаткан автоунаа кармалган. Текшерүүдө товарларды ташып келүү үчүн салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкатынын колдонуу мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталган«, — деп айтылат билдирүүдө.

«Чоң-Капка-Автожол» бекетинен 1 млн сомдон ашык суммада 20 тонна кагаз капты ташып келүү фактысы аныкталды. Айдоочуда товарларды ташып келүү үчүн салыктык каттоо тууралуу салык органынын маалымкаты жок болуп чыккан.

Бузуу фактылар боюнча материалдар андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM