Биз менен байланышыңыз

Голуновдун иши боюнча 4 милиция кызматкери иштен алынды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июл 2019 | 453 | 0

Орусиялык иликтөөчү журналист Иван Голуновдун ишине байланыштуу 4 милиция кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрине таянып «Интерфакс» басылмасы жазды.

Иштен алуу боюнча чечим кызматтык текшерүүлөрдөн соң кабыл алынды. Маалыматка ылайык, Голуновду кармоо учурунда регламенттин бузулушу катталган. Бирок азырынча баңгизаттарга тийиштүү маселе козголгон жок. Ага тиешелүү иштер кийинки жумада каралары айтылууда.

Эске салсак, «Медуза» интернет-басылмасынын кабарчысы Иван Голунов баңгизат соодасына шектүү катары кармалган. Журналист Голуновдун кылмышка тиешеси далилденбегендиктен, анын ишин токтотуу тууралуу чечим кабыл алынган.

Бийликтеги коррупциялык иштерди, көмүскө бизнестерди иликтеген журналисттин камалышы, андан соң сабалышы тууралуу жайылган маалыматтар Орусия журналисттерин дүрбөлөңгө салган. Москвада жана да бир нече шаарларда нааразычылык акциялары өткөн. Ага журналисттер эле эмес, жалпы маданият кызматкерлери, ырчылар жана алып баруучулар катышып, тилектештигин билдирген.

Иликтөөчү Иван Голунов 6-июнда кармалган. Каршылык акциялары күч алгандыктан, 8-июнда үй камагына чыгарылган. Ал кылмыш ишин жумушуна байланыштырып, атайын курулган тузак экенин айтып келген.

Copyright © 2017 Maral FM