Биз менен байланышыңыз

Москвадагы жүрүштө 500дөн ашык адам кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 501 | 0

Москвада, 12-июнда «Медуза» интернет-басылмасынын журналисти Иван Голуновду колдоо акциясына катышкандардын 513үн милиция кызматкерлери кармап кетишти.

Кармалгандардын арасында «Медуза», «Дождя», «Reuters», «Ведомоства», «МБХ-медиа», «Эхо Москвы» сыяктуу маалымат каражаттарынын журналисттери да бар. Ошондой эле, активист Алексей Гаскаров жана оппозициялык саясатчы Алексей Навальный да кармалган. Навальный камактан бошотулганын өзү Твиттер баракчасы аркылуу билдирди. Милициялар кээ бир кармалгандардын чөнтөк телефондорун алып коюп жатышканын «Deutsche Welle» басылмасынын журналисти Сергей Дик жазды.

Белгилей кетсек, «Иван Голуновдун эркиндиги үчүн» деп аталган акцияны өткөрүүгө шаар бийлиги уруксат берген эмес.  Алар Москванын тургундарын жана конокторун жүрүшкө катышпоого чакырган.

Бийликтин чечимине баш ийбеген акциянын уюштуруучулары «Фейсбук» баракчалары аркылуу 25 миң адам жүрүшкө чыгууну пландап жатканын кабарлашкан. Алар бул окуя боюнча, «Кылмышты уюштурууга тиешеси барлардын баары жазаланыш керек», — деген талап кошууда.

Эске салсак, иликтөөчү журналист Иван Голунов 6-июнда кармалган. Каршылык акциялары күч алгандыктан, 8-июнда үй камагына чыгарылган. Голуновдун кылмышка тиешеси далилденбегендиктен, кечээ, 11-июнда ага карата козголгон кылмыш иши токтотулган. Ал кылмыш ишин жумушуна байланыштырып, атайын курулган тузак экенин айтып келет. Анын айтымында, кылмыш ишин козгоого акыркы убакта иликтеп жүргөн «көрүстөн бизнесинин» байланышы бар болушу мүмкүн. Анткени, иликтөө жарыялануу алдында турган.

Copyright © 2017 Maral FM