Биз менен байланышыңыз

Иликтөөчү журналист Иван Голунов боштондукка чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 517 | 0

«Медуза» интернет-басылмасынын кабарчысы Иван Голуновго козголгон кылмыш иши токтотулду. Ал баңгизат соодасына шектүү катары кармалган.

Маалыматка ылайык, журналист Голуновдун кылмышка тиешеси далилденбегендиктен, анын ишин токтотуу тууралуу чечим кабыл алынган. Журналистти кармоого катышкан милиция кызматкерлери кызматтан алынды.

Бийликтеги коррупциялык иштерди, көмүскө бизнестерди иликтеген журналисттин камалышы, андан соң сабалышы тууралуу жайылган маалыматтар Орусия журналисттерин дүрбөлөңгө салган. Москвада жана да бир нече шаарларда нааразычылык акциялары өттү. Ага журналисттер эле эмес, жалпы маданият кызматкерлери, ырчылар жана алып баруучулар катышып, тилектештигин билдирген.

Иликтөөчү Иван Голунов 6-июнда кармалган. Каршылык акциялары күч алгандыктан, 8-июнда үй камагына чыгарылган. Ал кылмыш ишин жумушуна байланыштырып, атайын курулган тузак экенин айтып келген.

Copyright © 2017 Maral FM