Биз менен байланышыңыз

АКШ: Мигранттарга башпаанек оңою менен берилбейт

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июл 2019 | 676 | 0

АКШнын түштүк чек ара аймактарын кесип өтүп келген чет элдиктерге башпаанек берилбейт. Мындай чечим АКШнын Юстиция жана Ички коопсуздук министрликтери мигранттарга башпаанек берүүнүн жаңы эрежелерин түзүүдө кабыл алынды. Өзгөртүүлөр бүгүн, 16-июлдан тарта күчүнө кирери айтылууда.

«Мексиканы кесип өтүп келген көптөгөн чет элдиктер ал жактан башпаанек сурашпайт, себеби, АКШда жашоону каалашат. Ошондуктан, Мексикадан башкалка сурабай, АКШга келгендерге башпаанек берилбейт», — деп жазылат Федералдык реестрдин сайтында жарыяланган документте.

Ал эми өз өлкөсүнөн куулуп же башпаанек берилбеген мигранттарга бул мыйзамдын тиешеси жок.

АКШнын Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, 2018-жылы иммиграциялык сотторго башпаанек берүү боюнча 162 миңден ашуун арыз келип түшкөн. Бул беш жыл мурдагыга салыштырганда 270 %га көп.

14-июль, жекшемби күнү иммиграция жана бажы полициясы мыйзамсыз жүргөн мигранттарды кармоо боюнча АКШнын бардык аймактарында рейд жүргүздү.

АКШ: 14-июлдан тарта мыйзамсыз мигранттарды кармоо башталат

Copyright © 2017 Maral FM