Биз менен байланышыңыз

Ош: 6 ай ичинде 261 жол кырсыгы катталды

Кыска кабар | 15 Июл 2019 | 789 | 0

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан уюштурулган «Рулда» аталышында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.

Рейд учурунда жол эрежесин бузган 416 факт катталды. Алардын ичинен спирт ичимдигин ичип алып унаа айдагандар — 4, айдоочулук күбөлүгү жана документи жок айдоочулар – 6, жалпысынан автоунаа токтотуучу жайга – 10 автоунаа киргизилди.

Кошумчалай кетсек, Ош облусунун аймагында 6 ай ичинде 261 жол кырсыгы катталып, натыйжада 52 адам каза болуп, 434 жаран денесинен ар түрдүү жараат алган. Анын ичинен Кара-Суу районунда 111 жол кырсыгы катталып, 17 адам каза болуп, 184 жаран денесинен ар түрдүү жаракат алган.

 

Copyright © 2017 Maral FM