Биз менен байланышыңыз

Мырзалар костюмду кантип туура тандоосу керек?

Блог | 14 Июл 2019 | 1943 | 0

Жака кайырмасынын эни, бешманттын узундугу, төш чөнтөктөр жана шымдын бычылышы: мунун бардыгы ишкер адамдын образын жарата турган майда-чүйдө иштер. Бул — сиз пайда кыла турган таасир.

Мода эркектерди “аяйт” – классикалык костюмга жараша тренддер көп болсо 5-7 жылда өзгөрүп турат, ал өзгөрүүлөр бычылышына, жака кайырмасынын энине, бешманттын узундугуна, өңүнө, фактурасына байланыштуу. Fashionography журналынын башкы редактору жана мода изилдөөчүсү Тим Ильясовдун айткандарына караганда, 2000-жылы иш костюму бели ылдыйлатылган шымдан турган, ал эми шымдын өзү ичке болгон. Азыр болсо бели өйдө болгон классикалык шымдар мода болуп бара жатат. «Pitti Uomoдо биз 70-жылга карата аз эмес окшоштуктарды көрүп жатабыз;, шымдардын фасону өзгөрүүдө, ал эми алар кыска жана кенен боло баштады»,- дейт ал. Бирок тренддин артынан чуркайм деп кочкул кызыл түстөгү бархат бешмант кийгиңиз келип жатса да, андан качуу керек, антпесе ыңгайсыз абалда калышыңыз мүмкүн.

Классикалык костюмду тандоодогу негизги талап модага жараша эмес, а фигуранын өзгөчөлүгүнө жараша болуусу керек

Тим Ильясовдун айтымында, костюм сатып алууда көпчүлүгү өзүнүн дене түзүлүшүнө карабастан, анын брендине жана баасына көңүл бурушат. Негизинен костюмдардын маркасы фигура боюнча коюлат. «Италия костюмдары жаш жана чымыр денелүүлөргө туура келет, ал эми англиялык бренддер тескерисинче улуу мырзаларга жакшы “отурат”, алардын жеңинин оюгу көлөмдүү жана ийин жагы катуу келет, алар өз кезегинде фигуранын жетишпеген жактарын жашырууга көмөк көрсөтөт. Италиялык костюмдар болсо, жаратылыш берген өзгөчөлүктөрдү көрсөтүп турат, анткени алардын ийини жумшак жана бели ичке болуп тигилген»,- деп түшүндүрөт.

Костюм тандоодо өзүнүн фигурасынын өзгөчөлүктөрүн эске албагандар айланасындагыларга шылдың болуп калышы мүмкүн. Мындай катачылыкты саясатчылар да кетиришет, Михаил Саакашвили туура эмес тандалган шымдары үчүн канча жолу шылдыңга калганын баары билет.

«Мисалы, эркектердин чыгып турган ичи бар, же болбосо бели чоң, ал болсо абдан ичке кийимдерди киет. Ошондой эле ээндүү костюмдар да кездешет: жамбаштан ылдый абдан салаңдаган бешманттар, ийиндин табигый көрүнүшүн бир нече узун кылган ийиндери, кээде чектен ашып узун келген чоң кенен шымдар»,- дейт Тим.

Фигурага жараша тандоо

Ашыкча салмактагы эркектер тигилиши эркин болгон костюмдарга маани берүүлөрү керек. Бешмант бир жагына кымтыланма болсун, ал эми шым белди кыспай, кенен болуусу шарт. Белге көңүл бурдурган чоң курларды да тагынууга болбойт. Ал эми ашыкча салмакты жашырууга эки топчусу топчуланган бешмант жана галстук жардам берет. Негизги эреже – ал кең жана узун болсун.

Арыктарга

Дене түзүлүшү арыктарга кичине ичке келген шымдар жана бели ичке бешманттар туура келет. Ошондой эле үстүнөн капталган чөнтөктөрү бар бешманттар да жакшы көрүнөт. Мындай бычылган кийим булчуң массаларынын жетишпеген жактарын жана курсакты кеңейтип көрсөтөт. Арыктыгыңызды көрсөткүңүз келбесе, жилет кийбей эле коюңуз. Ал эми кур менен ичке галстукка сөзсүз түрдө көңүл буруңуз.

Атлетикалык

Спорт менен активдүү машыккандарга ылдый жагы ичке келген, бели ылдыйлатылган шымдар жарашат. Бирок белге алар сөзсүз түрдө эркин болгону туура. Мындай дене түзүлүшүндө бешманттардын бир жакка кымтыланма болгону жакшы. Спортивдүү дене түзүлүшүндөгү көпчүлүк мырзалар денеге кыналган костюм спортзалда өткөргөн убакыт бекер кетпегендиктин белгисин билдирип турат деп эсептешет. Жок, андай эмес. Бул нерсени футболка менен полуверлерге калтырыңыз, мындай дене түзүлүшүнө классикалык костюм сөзсүз түрдө эркин отурушу керек.

Ката кетирүүдөн качыңыз

Эксперттин айтуусу боюнча, эң негизги катачылык иш-чарага көйнөк тандоо менен байланыштуу. Кийинки учурларда эркектер күңүрт түстөгү көйнөктөргө көп көңүл бура башташты; күңүрт көк, күңүрт-кочкул кызыл, кара. Бирок бул такыр эле туура эмес, анткени эреже боюнча иш-чара үчүн көйнөктөр ачык түстө гана болот – ак, көк, ачык-кызгылт, же болбосо ачык-сирень түстүү.

Иш-чара үчүн образды түзүүдө бут кийим да маанилүү ролду ойнойт. Көпчүлүк жөнөкөй эле бут кийим тандаганына карабастан, катачылыктар баары бир кездешет. Келишимдүү иш костюму менен, мисалы, Jimmy Choo же Pradанын коллекцияларында көтсөтүлгөн таманы бийик, калың бут кийимин биргеликте кийүүгө болбойт.

Иш костюмун тандоодо кимден багыт алуу керектиги мурункудай эле түшүнүксүз.

Тим Ильясов белгилегендей, дайыма эң туура тандалган костюмдар менен В. Путин жана С. Лавров өзгөчөлөнүп турат, бийликтин көпчүлүк башка өкүлдөрү өзүлөрүнө тийиштүү образдан башкача көрүнүшөт. Медиа жаатындагы адамдардын ичинен эксперттин ою боюнча А. Малахов стиль иконасы болуп саналат. Чындыгында, жылдыздардын стилинен багыт алуу анча маанилүү эмес. Коом адамдары үчүн стиль нормасын карманганга караганда, таасир калтыруу маанилүү.

Ал эми Кыргызстанда мындай костюмдардын сизге ылайыктуусун табуу кыйынга турбайт. Жогоруда сөз болгон кеңештерди эске алуу менен Altin Yildiz дүкөнүнөн каалаган костюмуңузду тапсаңыз болот.

Которгон: Махабат Соконова

Copyright © 2017 Maral FM