Биз менен байланышыңыз

Түркиядан каза тапкан жарандын сөөгү 12-июлда алынып келинет

Кыска кабар | 11 Июл 2019 | 533 | 0

Түркиянын Аланья шаарында каза болгон Кыргызстандын жараны М. Иманалиевге карата Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу кошумча төмөнкүлөрдү маалымдайт:

2019-жылдын 10-июлунда Башкы консул Эркин Сопоковдун Анталья провинциясына болгон жумушчу сапарынын алкагында тапанча менен атып өлтүрүлгөн Кыргызстандын жараны М. Иманалиевдин жубайы жана туугандары менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Эркин Сопоков туугандарына көңүл айтып, кылмыш иши Башкы консулдук тарабынан көзөмөлгө алынганын маалымдап, бардык керектүү кеңештерди берди.

Аны менен бирге, Башкы консул Аланья шаарынын прокурору Ясин Эмре менен жолугуп, кыргыз тараптын бул окуяны калыс жана эртерээк карап чыгуу жөнүндө өтүнүчүн билдирди. Ошондой эле, М. Иманалиев эмгектенип жүргөн «Long Beach Hotels» отелинин жетекчилиги менен жолугушту. Белгилей кетчү жагдай, бул отелде 60 ашык КРнын жараны иштейт.

Азыркы учурда Башкы консулдук тарабынан маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү маселеси толугу менен чечилди. Сөөктү эртең, 12-июлда «Пегасус Азия» авиакомпаниясынын каттамы алып келет.

Copyright © 2017 Maral FM