Биз менен байланышыңыз

Түп райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду

Кыска кабар | 11 Июл 2019 | 1059 | 0

Айбек Абдивалиев Түп райондук сотунун судьялыгынан бошотулду. Тиешелүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Судьялар Кеңеши медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде Айбек Абдивалиевди соолугуна байланыштуу ыйгарым укуктарын андан ары уланта албай деп таап, кызматтык милдетин мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча президентке сунуш беришкен.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM