Биз менен байланышыңыз

Түштүк Кореянын премьер-министри расмий сапар менен Кыргызстанга келет

Кыска кабар | 10 Июл 2019 | 653 | 0

Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ен 13-21-июлга чейин расмий иш сапары менен Бангладеш, Тажикистан, Кыргызстан жана Катар өлкөлөрүнүн кыдырат. Бул тууралуу Түштүк Корея Өкмөтүнүн маалымат кызматы билдиргенин «The Korea Herald» басылмасы жазды.

Муну менен ал Сеулдун ар тараптуу дипломатиялык стратегиясынын негизинде Борбордук Азия жана Түштүк Батыш Азия өлкөлөрү менен дипломатиялык байланыштарды бекемдөөнү көздөйт.

Маалыматка ылайык, Ли Нак Ендин сапары төмөнкүдөй тартипте белгиленди:

13-15-июлда Бангладешке барып, кесиптеши Шейх Хасин менен жолугат;

15-17- июлда Тажикстанга барып, өлкө президенти Эмомали Рахмон жана өкмөт башчы Кохир Расулзодого кезигет;

17-19-июлда Кыргызстанга келет;

19-21-июлда Катар өлкөсүнө жол алып, анда өлкөнүн эмири Тамим бин Хамадом Аль Тани жана өкмөт башчысы Абдулло бин Нассером бин Халифа Аль Тани менен жолугат;

Түштүк Кореянын премьер-министринин Кыргызстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков жана премьер- министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугары күтүлүүдө.

Өкмөт башчылардын жолугушуусунда эки тарап саламаттыкты сактоо, медицина, электрондук өкмөт, транспорт жана инфратүзүм тармактарында кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашмакчы. Андан тышкары,  кыргыз-корей бизнес-форумуна Ли Нак Ендун да катышары айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM