Connect with us

Франциянын экс-президенти суракка чакырылды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Июл 2019 | 765 | 0

Франциянын экс-президенти Франсуа Олланд күбө катары суракка чакырылды. Саясатчыга швед тик учактарын Бразилияга алып келүүдөгү жемкордук маселеси боюнча суроолор берилген. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Бразилия 2013-жылы Швецияда иштеп чыгарылган Gripen учактарын сатып алган. Ошол учурда тендер жарыяланып, ага АКШ, Франция жана Швеция өлкөлөрүндөгү учак чыгаруучу компаниялар катышкан. Анын жыйынтыгында швед компаниясы утуп алган. Кийинчерээк тендердин мыйзамсыз өткөнү айтылып, ошол кезде президент болуп турган Луис Инасиу Лула да Силвага «кызматынан пайдаланып, келишимди Швейцарияга өткөрүп берди» деген айып коюлган.

Эске салсак, ушул жылдын февраль айында Бразилиянын мурунку президенти Луис Инасиу Лула да Силва жемкордук жана акча өндүрүү айыбы менен 13 жылга эркинен ажыратылган.

Франциянын экс-президенттери Саркози жана Олланд Бразилия менен Швеция өлкөсү келишим түзгөн учурга күбө болушкан. Луланын жактоочулары аталган эки саясатчыны жемкордук болбогонун, өлкөгө пайдалуу болгон жолду тандаганын тастыктап бере алат деген үмүттө күбө катары тергөөгө катышуусун суранышкан.

Суракка Олландга чейин президент болгон Николя Саркози да чакыртылган. Бирок ал суроолорго жооп берүүдөн баш тарткан.

Copyright © 2017 Maral FM