Биз менен байланышыңыз

ЖЫРТЫК

Блог | 11 Июл 2019 | 1013 | 0

Бала кезде жыртык байпак кийүү мода болчу. Апам таманы бекем болсун деп, байпактарыбыздын алдына калыӊ материалды шырып жамап коёр эле. Эски пальтонун кесиктеринен тигилген түркүн түстүү, жыпжылуу башмактарым боло турган. Ал эми кыштоодогу коӊшубуз байпактарды кадимки күйөөсүнүн арак бөтөлкөсүнө кийгизип алып жамачу. Негизинде алдынан бармагы, артынан согончогу көрүнгөн жыртык байпакты кийип жүрө берген байкелерди, аталарды көп эле көрүп чоӊойдум. Шаарда жыртык дүйнөлөргө эч ким маани бербеген сыяктуу, айылда жыртык байпактуулар эрөөн-төрөн алынчу эмес.

Байпактарыбыз жыртык кезде дүйнөнүн жыртыгы тууралуу эч кабарсыз элек. Сырткы байлык менен ички байлык ар дайым эле чогуу боло албайт окшобойбу?

«Тешикке күлгөн жыртыктан сакта», — деп жазган эле акын агабыз Шайлообек Дүйшеев. Ооба, мен да идеалдуу адам эмесмин. Катам көп. Эгер ким бирөөгө осолдук кылсам кечирим сурайм. Бирок бир өтүнүчүм бар.

Мен аялзаты тууралуу керемет китептерди окудум. Окудум да өзүмдү-өзүм баалабай, өзүмдү-өзүм шылдыӊдап, өзүмдү-өзүм жеӊил баага түшүргөн учурларыма уялдым. Аялзаты — узун-кыска, арык-семиз, билимдүү-билимсиз болгонуна карабай, ар бири гүл сыяктуу. Гүлдөр гана бул дүйнөнү көрктөп турат. Гүлдөргө назик мамиле кылуу керек. Ээн жерде өскөн ар бир гүлдү тебелеп, жулуп, кармалап, соолутуп кетишет…

Мен эмнеге муну жаздым? Жылдар мага, китептер мага, китеп сыяктуу мугалимдерим мага ушуну үйрөттү. Мен кыска шым кийгем… Бирок кыздарыма, сиӊдилериме сөзсүз кыска шым кийбөө керек деп айтам! Менин мүмкүн кыска жеӊдүү, этеги чолойгон көйнөгүм болгондур, бирок кызыма, сиӊдилериме ал көйнөктү эч качан сатып бербейт элем. Мен абдан стилдүү болууну жактыргам, азыркы стил жыртык сан, жыртык тизе, жыртык ийин, мен кызыма, сиӊдиме сөзсүз жыртыкты жамаганды үйрөтөм. ЭГЕР АЛАР ЖАМАГАНДЫ ҮЙРӨНБӨСӨ, МЕН ОШОЛ ЖЫРТЫКТАРГА ӨЗҮМ ЖАМААЧЫ БОЛГОНГО ДАЯРМЫН!!!

КЫЗДАР, силерге жыртык кийимдер аябай жарашат. Билем! Бирок бул дүйнөдө гүл жыттагысы келген, гүлдөрдүн бүрлөрүн жулуп ойногусу келген, гүлдөрдү сындырып уурдагысы келген уурулар ого эле көп. Силердин жыртык жерлер ууруларга теӊдешсиз байлыгыӊарды ачыктап, сунуштап жатат!

Мен силердин, баарыӊардын жыртык жерлериӊерге жамалгым келгени ошондон. Отуздун тегерегиндеги өмүрүмдө тапкан эмне баалулугум болсо, баарын силерге жамалуу үчүн садага чабар элем. Эгер мен баарыӊардын жыртык жериӊерди жаба алган болсом, бул жашоодогу негизги ишим бүттү деп билмекмин.

МЕН АР БИР АЯЛЗАТЫН ЖАКШЫ КӨРӨМ!

Дүйнөнү сулуулук сактайт, дүйнө сулууну сактай албайт…

Журналист Жазгүл ЖАМАНГУЛОВА 

Copyright © 2017 Maral FM