Биз менен байланышыңыз

Бажы кызматы 6 айда аткезчиликтен казынага 101,2 млн сом киреше киргизди

Кыска кабар | 10 Июл 2019 | 521 | 0

Бажы кызматынын аткезчилик жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгы жарым жыл ичинде жасаган ишинин жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Бажынын укук коргоо бөлүмдөрү тарабынан бажы мыйзамдары чөйрөсүндө 743 факт табылган. Алардын ичинен Бузуулардын бирдиктүү реестринде – 623 факт катталган. Бул 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 102 фактыга жогорулаган.

Айып санкциялары жана товарлардын наркы – 4,3 млн сом суммасында өндүрүлдү. Бажы төлөмдөрү – 65,4 млн сом суммасына төлөндү.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде – 120 факт катталган. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 25 фактыга көп. Өлкө казынасына келтирилген зыяндын орду – 31,5 млн сомго толтурулду.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине кошумча түшүүлөрдүн жалпы суммасы – 101,2 млн сомду түздү.

Copyright © 2017 Maral FM