Биз менен байланышыңыз

«Ак-Тилек-Автожол» бекетинен мыйзамсыз көчмө үй ташыган жаран кармалды

Кыска кабар | 9 Июл 2019 | 439 | 0

«Ак-Тилек-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетине жакын жердеги транспорттук көзөмөл жана товарларды эсепке алуу пунктунан көчмө үйлөрдү (модульный дом) мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Орусиядан жалпы аянты болжол менен 80 чарчы метрди түзгөн көчмө үйдү тийиштүү эмеректери менен алып келе жаткан автомашина кармалган. Ташуучунун салык органынын салыктык каттоо жөнүндө маалымкаты, коштомо кагазы жок болгон.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга ташып келүүдө ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында, коштомо кагазын милдеттүү түрдө толтуруу талап кылынбаган товарлардын тизмесине жана сунушталган минималдык ченемине бул сыяктуу үйлөр кирген эмес.

Автомашина айып салуучу аянтка токтотулду. Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM