Биз менен байланышыңыз

Тбилисиде 4 топтогу демонстранттардын кагылышы болду

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июл 2019 | 509 | 0

8-июль күнү кечинде Грузиянын борбор шаары Тбилисиде 4 топтун нааразылык акциясы өттү:

  1. ЛГБТ активисттери;
  2. Алардын каршылаштары;
  3. «Орусиянын баскынчылыгына» каршы чыккандар;
  4. «Рустави-2» телеканалындагы бир берүүдө алып баруучунун Путинге карата айткандарына нааразы болгондор;

Тбилисидеги парламент имаратынын алдына топтолушкан акциянын катышуучулары өз ара келишпестиктерге кабылышкан. Тактап айтканда, «орус баскынчылыгына» каршы чыккан тарап менен ЛГБТнын каршылаштары бири-бирине бөтөлкө жана башка буюмдарды ыргытышып, мушташа кетишкен. Кагылыш «баскынчылыкка» каршы чыккандар менен ЛГБТнын жайылышына нааразы болуп чыккан топ менен аралашып кетүүсүнөн улам келип чыккан.

Грузиянын Ички иштер министри Георгий Гахарийдин айтымында, митингге чыгуу орду алдын-ала мерчемделген. Экөөнүн аралыгы жакын жана бирдей убакытка туш келип калгандыктан, ушундай көрүнүш орун алган.

Copyright © 2017 Maral FM