Биз менен байланышыңыз

Президентке жарым жылда 8120 кайрылуу келген

Кыска кабар | 8 Июл 2019 | 607 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун атына ушул жылдын I жарым жылдыгында жарандардан 8120 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Келип түшкөн кайрылуулардын 6243ү кат жүзүндө кабыл алынса, 994ү коомдук кабылдамаларда оозеки кабыл алынган. Ал эми 587си «Ишеним телефондору» жана кызматтык телефондору аркылуу кайрылышса, 163ү коомдук кабылдамаларда маалыматтык-укуктук кеңештерди жана жардамдарды алышкан. Ошондой эле, 133 жаран Биринчи радионун «Биринчи кабылдама» берүүсүнүн түз эфиринен кайрылган.

Бардык келип түшкөн 6243 кайрылуунун 4985и (же 79,8 %) көзөмөлгө алынды, анын 4075и аткарылды (81,7%), 910 жарандын кайрылуусу (18,3%) мөөнөттөрүнө жараша аткарылууда.

Көпчүлүк кайрылуулар сот жана укук коргоо органдары — сот, прокуратура, ички иштер органдары, финансы полициясы, улуттук коопсуздук органдары, жазаларды аткаруу кызматынын ишине тиешелүү маселелер боюнча келип түшкөн — 2732 кайрылуу.

Аткаруу бийлигинин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча 1687 кайрылуу келип түшкөн.

Жергиликтүү бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши менен байланышкан кайрылуулардын саны 788ди түзгөн.

Мындан тышкары, президенттин ыйгарым укуктарына кирген маселелер: мамлекеттик сыйлыктар, жарандык берүү, мунапыс маселелери боюнча — 276, коргоо, чек ара, мамлекеттик жана улуттук коопсуздук жана тышкы саясат маселелери боюнча 167 кайрылуу келип түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM