Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик кызматташтыгы талкууланды

Кыска кабар | 7 Июл 2019 | 430 | 0

Бүгүн, 7-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалыматтык департаменти билдирди.

Европа Биримдиги жана Борбордук Азиянын Тышкы иштер министрлеринин Кеңешмесинин алкагында өткөн жолугушууда кыргыз-тажик кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, мамлекет башчыларынын жолугушуусун уюштуруу маселелери талкууланды.

Ошондой эле, эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты активдештирүүгө жана эки өлкөнүн чек арага жанаша аймактарында ынак коңшулукту жана туруктуулукту колдоо үчүн зарыл чараларды кабыл алууга өзгөчө басым жасалды.

Мындан тышкары, Тышкы иштер министрлери ушул жылдын 6-июлунда Тажикстандын Исфара шаарында аяктаган Кыргыз-Тажик Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун сүйлөшүүлөрү жакшы ургаалдуу динамикага ээ болду деген бирдиктүү пикирге келишти.

Copyright © 2017 Maral FM