Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Эртең Бишкекте күн ачык болот

Кыска кабар | 6 Июл 2019 | 475 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, эртең, 7-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен шамал согот. Күндүз шамалдын ылдамдыгы Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Талас жергесинде түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;

Нарын жана Ысык-Көл облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн 19…21 градус жылуу, күндүз 32…34 градус ысык болот. Жаан-чачын болбойт.

Copyright © 2017 Maral FM