Биз менен байланышыңыз

Манас Арабаев үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 5 Июл 2019 | 1162 | 0

5-июлда Биринчи май райондук соту Президенттик Аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаевди үй камагына чыгарды. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги анын жактоочусу Алия Турумбековага таянып жазып чыкты.

Кошумчалай кетсек, Манас Арабаев 2018-жылы жетекчинин ишениминен кетти деген жүйө менен Президенттик Аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы кызматынан кеткен. Ушул жылдын 3-июнунда «коррупция» беренеси боюнча кармалган.

«Ала-Тоо-24» каналынын 2-июлдагы иликтөөсүндө Манас Арабаев мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө бергендиги айтылган.

Манас Арабаев Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берди

Copyright © 2017 Maral FM