Биз менен байланышыңыз

Өкмөт драма театрларды оңдоого 198 млн сом бөлдү

Кыска кабар | 5 Июл 2019 | 977 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев театралдык-оюн зоок мекемелеринин имараттарын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн каражат бөлүү чечимине кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Финансы министрлиги белгиленген тартипте Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине төмөнкүдөй негизде каражат бөлүп берет:

-Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын имаратын капиталдык оңдоо үчүн — 84 млн 605 миң сом;

-Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын имаратын капиталдык оңдоо үчүн — 97 млн 658 миң сом;

-Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын имаратын капиталдык оңдоо үчүн — 16 млн сом;

Copyright © 2017 Maral FM