Биз менен байланышыңыз

Балбан Разак Бейшекеев Азиянын күмүш медалын алды

Кыска кабар , Спорт | 5 Июл 2019 | 683 | 0

Казакстандын Нур-Султан шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында Азия чемпионаты уланат.

Бүгүн 65, 71 жана 80 кило салмактагы балбандар килем үстүнө чыгышат. Анда Кыргызстандын атынан барган балбандар: 65 кг салмакта Дастан Акылбеков, 71 кг салмакта Бакдаулет Эгенбердиев жана 80 кг салмакта Бекзат Оронкул уулу күч сынашат.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Разак Бейшекеев кечээ жаштар арасында Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды.

Разак 45 кг салмакта күч сынашып, финалда казак балбаны Саматбек Изимгалиге жеңишти алдырып жиберген.

Бул салмакта жапон жана индус балбаны коло байгеге татыган.

Copyright © 2017 Maral FM