Биз менен байланышыңыз

Азимбек Бекназаровдун уулу Президенттик Аппаратка кызматка дайындалды

Кыска кабар | 4 Июл 2019 | 656 | 0

Айыл өкмөт башчылыгынан бошогон Руслан Бекназаров Президенттик Аппаратка кызматка дайындалды. Бул тууралуу маалымат каражаттарына Руслан Бекназаров өзү билдирди.

Экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Президенттик Аппараттын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүнүн эксперти кызматын аркалайт.

Ага өлкөнүн аймактарынан жарандардан келген кайрылууларды анализдөө жана президенттик аппараттын мындан аркы иш жүргүзүүсүнө эксперттик сунуштарды киргизүү милдеттери коюлган.

Руслан Бекназаров буга чейинАксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турган.

Copyright © 2017 Maral FM