Биз менен байланышыңыз

Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимдер (тизме)

Кыска кабар | 16 Мар 2020 | 3195 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында 14-мартта мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусунда чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйыны өткөн.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Өкмөтүнө, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерине жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине төмөнкүдөй сунуштамалар берилген чечим кабыл алынды:

— Коронавирусту жугузуп алуу ыктымалдыгына байланыштуу тобокелчиликтерди болтурбоо максатында чек ара райондорунда жана айыл жерлеринде эпидемияга каршы жана практикалык иш-чараларды күчөтүү;

— калкты толук көлөмдө камсыз кылуу максатында өндүргөн товарларын сатуусу үчүн фермелердин тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыз кылуу боюнча соода-базар комплекстеринин ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

— Укук коргоо органдарынын жана Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жетекчилерине социалдык мааниге ээ товарларга бааларды негизсиз көтөрүү жана алып сатуу максатындагы абийирсиз ишкерлердин тигил же бул аракеттерине бөгөт коюу боюнча сунуштамалар берилди;

Ошондой эле аларга үй карантининин шарттарын бузгандарды аныктоо жана белгиленген мыйзам менен жоопкерчиликке тартуу тапшырылды.

Тышкы иштер министрлиги менен Саламаттыкты сактоо министрлигине коронавирус инфекциясына реакция кылуу боюнча Кыргыз Республикасына кеңеш берүү жана иш жүзүндө жардам берүү  мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө Кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сунушталды.

Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдарга төмөнкүдөй сунуштамалар берилди:

— коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана коронавирус инфекциясынын жайылуусуна бөгөт коюу жана региондогу экономикалык активдүүлүккө багытталган чараларды координациялоо боюнча биргелешкен аянтчаларды түзүү;

— экономикалык активдүүлүктүн түшүү деңгээлин азайтууну шарттаган сунуштарды киргизүү менен түзүлгөн кырдаал боюнча атамекендик жана чет элдик ишкерлер менен ар тараптуу консультацияларды жүргүзүү;

— атамекендик продукцияларды экспорттоочуларга колдоо көрсөтүү, ошондой эле жүк ташуучулар менен транспорттук-логистикалык компанияларга ар тараптуу жардам көрсөтүү;

— социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларын керектөөгө мониторинг жүргүзүү боюнча ири соода түйүндөрү менен ар дайым иш жүргүзүү жана аларга суроо-талаптын чукул жогорулашына зарыл болгон аракеттерди көрүү;

— азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле коронавирус инфекциясынын тарашына каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга республикалык бюджеттен жетишерлик каражат караштыруу;

Билим берүү жана илим министрлигине респиратордук жана инфекциялык оорулардын жайылуу ыктымалдыгын алдын алуу максатында 16-марттан 8-апрелге чейинки мезгилге менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандуулугуна карабастан баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнү уюштуруу үчүн кезексиз каникул жарыялоо тууралуу чечим кабыл алуу сунуштамасы берилген.

Copyright © 2017 Maral FM