Биз менен байланышыңыз

Качкынбай: Бийликтин 2 баш оорусу бар

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Июл 2019 | 868 | 0

Саясат талдоочу Сейтек Качкынбайдын пикиринде учурда бийликтин 2 баш оорусу бар. Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Бажы кызматынын төрагасынан мурдагы орун басары Райымбек Матраимов. Бул тууралуу саясат талдоочу «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Сейтек Качкынбай бийлик кеч боло электе жогоруда аталган эки маселени чечиши зарыл экенин, аны коомчулук да талап кылып жатканын белгилейт.

«Бийлик кызуу кандуулукка алдырбай, жакшы аракетте кетип жатат. Атамбаев да кетирген кемчиликтерин мойнуна алды. Балким ортодо диалог керек. Бирок Атамбаев мурда кылган иштери боюнча жоопко тартылышы зарыл. Азыр бийликтен ыкчам реформаларды көрө албай жатабыз», — дейт саясат талдоочу.

Copyright © 2017 Maral FM