Биз менен байланышыңыз

Назарбаевдин небереси өзүн өлтүрүүгө аракет кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 454 | 0

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин 28 жаштагы жээни Айсултан өз жанын кыюуга аракет жасаган. Бул тууралуу Court News басылмасы жазды.

Айсултан Лондондогу бөтөн бирөөнүн үйүнүн балконунан боюн таштоого аракет кылган учурда полиция кызматкери кармап калууга үлгүргөн. Лондон сотунун айтымында, эки күн мурда полиция кызматкерлерине «Айсултан отелдин балконунан секирип кеткени жатат», — деген маалымат түшкөн.

Айсултан Алиев – Казакстандагы Сенаттын төрагасы Дарига Назарбаева менен маркум Рахат Алиевдин ортончу уулу. Үй-бүлөлүү, 1 кызы бар.

2007-жылы Рахат Алиевге кылмыш иши козголгон. Алиев өзүнүн кайнатасы Нурсултан Назарбаевге сын айтып келгендиктен, бул жагдайды саясый куугунтук деп атаган. Европага качып кеткен Алиевдин сыртынан 20 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыккан. Кийинчерээк Австрияда кармалып, бирок Казакстанга өткөрүлүп берилген эмес. Рахат Алиев 2015-жылы Австриянын түрмөсүндө асынып өлгөн. Түрмө кызматкерлери Алиевдин өз жанын кыйганын айтканына карабай, эл арасында ар кандай ушак кептер таркаган.

Айсултан 2017-жылы баңгизаттарга берилгенин моюндап, чоң атасы академик Мухтар Алиев менен атасы Рахат Алиевдин өлүмү оор тийгенин айткан. Ошондой эле, баңгизатка болгон көз карандылык менен күрөшүүдө Нурсултан Назарбаев жардам бергенин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM