Биз менен байланышыңыз

Абдыбалы тегин Суеркул финансы министринин орун басары болду

Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 524 | 0

Абдыбалы тегин Суеркул финансы министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Бүгүн Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министрдин жаңы орун басарын Өкмөттүк Аппараттын жетекчиси – министр Самат Кылжыев тааныштырды.

Абдыбалы тегин Суеркул буга чейин Улуттук Банктын төрагасы кызматын аркалаган.

Премьер-министрдин дагы бир буйругу менен Финансы министринин орун басары Мирланбек Байгончоков берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Copyright © 2017 Maral FM