Биз менен байланышыңыз

Ат-Башыда 269 уйдан бруцеллез ылаңы чыкты

Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 530 | 0

Ат-Башы районунда 269 уй бруцеллез ылаңына чалдыкканын аныкташты. Мындай маалыматты райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Үмөтаалы Саалаев билдирди.

Учурда малды жапырт эмдөө иштери жүрүп жатат.

«Жалпы район боюнча 16 миң уй бруцеллезго карата текшерилген. Анын жыйынтыгында 269 уйдан бруцеллез ылаңы чыкты. Бул уйлар акырындык менен жок кылынып жатат», — дейт Үмөтаалы Саалаев.

Copyright © 2017 Maral FM