Биз менен байланышыңыз

Алдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн аял Москвада кармалды

Кыска кабар | 2 Июл 2019 | 393 | 0

Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн катышуусу менен Кыргызстандагы адамдарды ири суммадагы акчага алдап кеткени үчүн издөөдө жүргөн аял Москва шаарынан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ал 2012-жылдан 2014-жылга чейин жарандардын ишенимине кирип, бизнес ачуу тууралуу убада берип, акчасын, унаасын алып качып кеткен. Бир эле жаранга келтирилген чыгым 5 млн. 150 миң сомдү түзгөн. Бул каражаттар бүгүнкү күнгө чейин кайтарылган эмес.

Москва шаарында көрүлгөн чаралардын натыйжасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, 1976-жылы туулган Д. А. аттуу жаран кармалды.

Учурда кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргызстанга алып келүү боюнча маселелер сүйлөшүлүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM