Биз менен байланышыңыз

«Экс-президенттер бийликке саясий оппонент боло албайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Июл 2019 | 774 | 0

Саясий система саясий атаандаштыкка шарт түзүп бериши керек. Бирок учурда укук коргоо органдары, мыйзамдар, саясий система ага каршы багытталган. Мындай пикирин юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, оппозициялык маанайдагы адамдар көйгөйүн эч качан мыйзам, демократиялык жол менен чече албайт. Оппозициялык көз караштагыларга сот да, мыйзам да каршы иштейт. Система 200-300 кишинин гана кызыкчылыгын коргойт.

Бөрүбашев экс-президенттер бийликке саясий оппонент боло албай турганын белгиледи.

«Анткени, алардын саясий системасы бир. Ички карым-катыш, пенделик нааразычылык саясий багытка кирбейт. Атамбаев да, Текебаев да, Жээнбеков да бири-бирине саясий оппонент боло албайт. Баарынын таарынычтары бар», — дейт Бөрүбашев.

Ал кошумчалагандай, президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү азыркы кырдаал боюнча пикирин айтышы керек. Ал мамлекеттик институтка баа бериши абзел.

Copyright © 2017 Maral FM