Биз менен байланышыңыз

Бөрүбашев: Жээнбеков реформаларды баштай албай жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Июл 2019 | 906 | 0

Учурдагы «саясий элитанын» жүзүн көрүп жатабыз. Президент Сооронбай Жээнбеков сыртта карап турат дегенден алысмын. Анткени, өлкөдө Ак үйдүн чечимисиз эч ким ашыкча «жөтөлө да албайт». Мындай пикирин юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жээнбеков майда нерселерди токтотуп, реформага өтүшү зарыл, азыр да кеч эмес. Эң биринчи реформа идеологиядан башталышы керек. Бүгүн коомго адилеттүүлүк, айкындык, калыстык жетпей турат. Мындан улам, улуттук идеологиянын негизги принциптерине кайтуу зарыл.

«Жээнбеков реформаларды баштай албай жатат. Реформалар коомчулуктун кызыкчылыгын көздөшү зарыл. Азыркы мыйзамдар менен шайлоого барсак, кесиптик, ыймандык жагынан начар парламент келет. Бизге андай реформанын кереги жок», — дейт Бөрүбашев.

Copyright © 2017 Maral FM