Биз менен байланышыңыз

Мексикада 1,5 метр кар жаады

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июл 2019 | 655 | 0

Мексикадагы Гвардалахара шаарынын 6 районуна мөндүр аралаш кар жаады. Анын бийиктиги 1,5 метрге жеткенин ВВС басылмасы жазды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, шаарда жана район бөлүктөрүндө 200дөй үй жана ондогон транспорт каражаты кар астында калган. Жабырлануу катталган эмес.

Учурда коопсуздук кызматкерлери жолду тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM