Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Чет элдик жумушчулар менен болгон мушташта жабыркагандар 40ка жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июл 2019 | 871 | 0

Казакстандын Тенгиз айылындагы чет элдик ишкерлер менен казак жумушчуларынын ортосунда чыккан калайман мушташтан 40тан ашык адам жабыркады. Учурда аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалымат боюнча, Тенгиз айылындагы нефть иштетүүчү компаниянын жумушчулары иш таштоого чыгышкан. Мунун айынан чет элдик жана жергиликтүү жумушчулар ортосунда жаңжал орун алган.

Мушташтын келип чыгуусуна Ливия жаранынын 29-июнда WhatsAppка жарыялаган сүрөтү себеп болгон. Андан жигиттин колундагы рациянын антеннасы казак кыздын оозуна такалып калгандай көрүнүштү байкоого болот. Бул сүрөт жумушчулардын кыжырын кайнатып, кызматкерлерге болгон басмырлоо катары баалашкан. Көп өтпөй казак кызы менен сүрөткө түшкөн Ливиянын жараны чуу жаратканы үчүн кечирим сураган.

Ошондой эле, жумушчулардын нааразычылыгына эмгек шарттарынын бирдей эместиги да себеп болгону айтылууда.

Мунай-газ компаниясындагы калайман мушташтан кийин Иордания менен Ливиянын жүздөгөн жараны аймактан чыгарылган. Бул тууралуу Иордания жана Ливиянын Тышкы иштер министрлери билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM