Биз менен байланышыңыз

Учактар кара тизмесинен качан чыгары айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Июл 2019 | 793 | 0

Учурда кыргыз авиакомпанияларын Еврокомиссиянын аудитинен өткөрүү боюнча даярдыктар көрүлүүдө. Ал оң тараптуу чечилсе, үстүбүздөгү жылдын соңунда же 2020-жылдын башында Кыргызстандын учактары Европанын кара тизмесинен чыгарылат. Бул тууралуу Авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учактарды кара тизмеден чыгаруу боюнча акыркы 2-3 жылда жакшы аракеттер болууда.

Ошондой эле, «Ачык Асман» мыйзамынын чегинде келишимге ээ болгон Европанын 5 мамлекетине Кыргызстанга аба каттамдарын ачуу боюнча кабар берилген. Учурда европалык 2 компания анализ жүргүзүп жатат.

«Мындан сырткары, биз менен келишими жок компанияларга да кабар берилген. Жүк ташуу жагына кызыккан тараптар көп. Авиация агенттиги башка мамлекеттердин авиакомпаниялары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын эсебинен Орусиянын бир катар ишканасы каттамдарын ачкан», — дейт Акышев.

Copyright © 2017 Maral FM