Биз менен байланышыңыз

«Исфана аэропортунун учуу-конуу тилкесин оңдоо мерчемделүүдө»

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Июл 2019 | 681 | 0

Учактарды кара тизмеден чыгаруу боюнча Жарандык авиация агенттигинин инспекторлору көбөйтүлүп, кызматкерлеринин айлык акылары көтөрүлдү. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин авиация бөлүмүнүн башчысы Арзымат Матмуратов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда «Ачык асман» мыйзамынын талабына ыңгайлаштыруу иштери жасалууда. Көп каттам ачылса, учак билеттер арзандайт. Жергиликтүү аба каттамдарына колдоо көрсөтүү жаатында да иштер жүрүп жатат.

Мындан сырткары, Исфана аэропортунда учуу-конуу тилкесин оңдоо мерчемделүүдө. Караван жана Исфана аэропортунда оңдоп-түзөө иштери өттү. Ал эл аралык «Манас» аэропортунун эсебинен аткарылды.

Ысык-Көл — Алматы аба каттамы боюнча учактар дүйшөмбү жана жума күндөрү учат. Ошондой эле, Новосибирск — Ысык-Көл багыты боюнча жекшемби күндөрү жумасына 1 каттам иш алып барат.

Маалыматка ылайык, чет элдик каттамдар аба келишиминин негизинде жүргүнчүлөрдүн санына жараша ачылат. Сүйлөшүүлөрдө эки өлкөнүн талаптары эске алынат.

Copyright © 2017 Maral FM