Биз менен байланышыңыз

Ырчы Эмил Балтагулов жаңы кызматка дайындалды

Кыска кабар , Шоу-бизнес | 30 Июн 2019 | 820 | 0

Белгилүү ырчы Эмил Балтагулов Жалал-Абад маданият техникумунун директорлугуна дайындалды. Тиешелүү буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов кол койду. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жаңы дайындалган директорду жамаатка кечээ министрдин орун басары Кайрат Иманалиев тааныштырды.

Эмил Балтагулов 1981-жылы Чаткал районунда туулган. Билим жогорку, 2004-жылы ОшМУнун искусство факультетинин музыка бөлүмүн аяктаган.

Буга ОшМУда окутуучу, Чаткал районунун Терек-Сай шаарчасындагы маданият үйүнүн көркөм жетекчиси, Т. Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын артисти, ушул эле филармониянын директорунун орун басары, Жалал-Абад шаарындагы Гүлнара Бакиева атындагы №24 мектептин мугалими, Сузак райондук Балдардын билим берүү борборунун «Жаш талант» музыкалык ийриминин жетекчиси кызматтарын аркалап келген.

«Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси, ошондой эле, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Жалал-Абад облусунун губернаторунун, Ош шаардык Кеңешинин, Жалал-Абад шаардык Кеңешинин «Ардак грамотасы» менен сыйланган.

14 жылдык тарыхы бар «Сезим» эстрада тобунун түзүүчүсү жана жетекчиси. Үй-бүлөлүү, 2 кыз, 1 уулдун атасы.

Copyright © 2017 Maral FM