Биз менен байланышыңыз

Аба-ырайы: Эртең Бишкекте 36 градус ысык болот

Кыска кабар | 29 Июн 2019 | 386 | 0

Эртең, 30-июнда республиканын Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Багыты өзгөрүлүп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 31…36,

Талас жергесинде түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35,

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29,

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29 градус болот.

Баш калаабыз Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 34…36 градус ысык болот.

Copyright © 2017 Maral FM