Биз менен байланышыңыз

«Ак-Тилек-Автожолдо» бир катар мыйзам бузуулар аныкталды

Кыска кабар | 28 Июн 2019 | 401 | 0

Мамлекеттик салык кызматы «Актилек-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетине жакын жердеги транспорттук  көзөмөлдөө жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктуна текшерүү жүргүзүшүп, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товар ташып келүүдө бир катар мыйзам бузууларды аныкташты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маселен, товарларды ташып келүү үчүн салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок 14 миң 336 даана кирпич алып келе жаткан автомашина, 54,1 тонна көмүр отунун алып келе жаткан 2 машина кармалды.

Мындан тышкары, дагы бир импорттоочу болжол менен 2 млн сомго жакын суммадагы 2 миң 272 таңгак ар кандай түрдөгү консерва ташылып келген. Текшерүүнүн жүрүшүндө товарларды ташып келүү үчүн салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкатынын мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталган.

Ар бир укук бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM