Биз менен байланышыңыз

Караколдо 3 жашар бала сууга агып чарчап калды

Кыска кабар | 28 Июн 2019 | 397 | 0

Каракол шаарынын «Кирпичный» кичирайонунда 3 жашар бала Каракол суусуна агып кетти. Ыкчам издөөгө алган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматы жарым сааттан соң Жолголот айылына жакын арыктын жээгинен наристенин жансыз денесин табышты. Бул тууралуу аталган кичирайондун тургуну Замира Оторбаева «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, наристенин жанында 5 жашар агасы болгон. Ал куткарууга аракет кылып, бирок алы келбей, шар аккан сууга жулдуруп жиберген.

Замира Оторбаева кырсыктын алдын алууга буга чейин Каракол шаарынын мэриясына бир катар кайрылуу болгонун, бирок азыркыга чейин так жооп келе электигин айтат.

«2016-жылдан бери суунун жээгин бекемдөөнү, короого атайын тосмо дубалдарды орнотууну суранып келатабыз. Акыркы жолу шаар башында турган мэр Адыл Каниметовго да кат киргизген элек. Ал жактан так жооп боло элек, ойлонуп көрөбүз деген билдирүүнү алдык», — дейт.

Ошондой эле, ал суудан айрым учурда унааалар да авария болуп жүргөнүн айтып, маселени тезинен чечип берүүнү суранды.

Copyright © 2017 Maral FM