Биз менен байланышыңыз

«Ден соолук кербени» долбоору аркылуу 2 млн доллар бөлүнөт

Кыска кабар | 27 Июн 2019 | 417 | 0

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеӊеш жыйынында Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ден соолук кербени» долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө № 2 макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралды.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев баяндагандай, долбоордун негизги максаты: балдардын саламаттыгын алдын алуучу текшерүүлөрдү акысыз өткөрүү жана алыскы райондорго санитардык-агартуучулук иштерди жүргүзүү аркылуу калктын жакыр катмарына дарылоо-диагностикалык жардам көрсөтүү.

«Ден соолук кербени» долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун эсебинен 2 миллион доллар өлчөмүндөгү грант берилмекчи.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Copyright © 2017 Maral FM