Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Арыстын эли унаа жолду бөгөп алышты

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июн 2019 | 373 | 0

Казакстандын Арыс шаарындагы жарылуудан жабыркаган жүздөгөн тургун Чымкенттеги «Бекжан» базары менен «Ак мечитке» кетчү унаа жолун бөгөп алышты. Бул тууралуу бир катар чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазды.

Жол тосуп чыккан эл Арыстагы экологиялык абалдан коркуп жатышканын айтып, башка аймактан үй жана жер берүүлүүсүн талап кылышууда.

Ал эми Казакстандын Эмгек жана социалдык коргоо министри алардын талаптарын аткаруу мүмкүн эместигин айтып, мурда жашаган үйүн кайра калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик казынадан каражат бөлүнгөнүн жана ишкерлер акча которгонун маалымдаган. Мындан сырткары, талап кылып чыккандардын баары Арыска кайтып баруусуна туура келерин кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM